0%
Brand Image
Loading ...

Студентка МУА заняла 2-е место на BRICS Future Skills Challenge 2024

АЭУнун IT факультетинин студенти Элдана Омушова 2024-жылдын 20-майнынан 26-майына чейин өткөн BRICS Future Skills & Tech Challenge 2024 эл аралык чемпионатына “Өнөр жай дизайны” компетенциясы боюнча катышып, ЕАЭБ рейтингинде 2-орунду жана эл аралык рейтингде 4-орунга татыктуу болду.

BRICS Future Skills & Tech Challenge 2024 – келечектүү технологиялар жана көндүмдөр боюнча эл аралык чемпионат. Конкурстун максаты – жогорку технологиялык өнүмдөрдү жана технологияларды түзүү үчүн алдыңкы көндүмдөрдү жана кесиптерди түзүү. Иш-чара БРИКС+ өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда бетме-бет жана бөлүштүрүлгөн форматта өттү. Корпорациялардын, технологиялык компаниялардын, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, эл аралык деңгээлдеги технологиялык жана программалык продукттарды өндүрүүчүлөр катышышты.

Студентибизидин ийгилигинде бүткүл процессти көзөмөлдөгөн окутуучу Андрей Ермаковдун салымы чоң.

Студентибизди куттуктайбыз, ошондой эле Андрей Ермаковго ыраазычылык билдиребиз!