0%
Brand Image
Loading ...

“Менин жашоомдогу миссиям” эссе жазуу конкурсунун жыйынтыгы 

АЭУда чыгармачыл дарамети жана турмуштагы так миссиясы бар студенттерди издөө жана колдоо максатында бакалавриат жана IT & Business Колледжинин студенттери үчүн “Менин жашоомдогу миссиям” аталышындагы эссе жазуу конкурсу өткөрүлдү.

2024-жылдын 29-майында чыгармачыл сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү:

1-орун: Толкун Жеткинбекова (Медицина факультети)

2-орун: Элина Асекова (Эл аралык жана бизнес укук)

3-орун: Амина Нурдинова - (IT & Business Колледж)

Сынак үч этап менен өттү: биринчи этап – берилген темага дилбаян жазуу, экинчи этап – өз миссиясын презентациялоо жана калыстар тобунун мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берүү, үчүнчү этап – өзүнүн келечектеги миссияларын ишке ашыруунун болжолдуу планын түзүү.

1-орунду ээлеген Медицина факультетинин студенти Толкун Жеткинбекова келечектеги миссиясы менен бөлүштү:

“Сынактын алкагында дилбаян жазып, калыстар тобунун алдында презентация жасап, алардын суроолоруна жооп бердим. Келечектеги дарыгер катары менин негизги миссиям – калктын ден соолугуна кам көрүү жана медициналык сабаттуулукту жогорулатуу максатында медициналык борбор ачуу. Бул сынак келечектеги максаттарымды ишке ашырууга жакшы түрткү берди. Студенттер чыгармачылыгын ача алган мындай иш-чара үчүн уюштуруучуларга рахмат.”

Жеңүүчүлөргө жана бир нече конкурсанттарга сертификаттар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бардык катышуучуларды куттуктайбыз жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз.

Сүрөт отчету: