0%
Brand Image
Loading ...

Kyungwoon университетинин өкүлдөрү менен жолугушуу

2024-жылдын 29-майында АЭУда Түштүк Кореядагы Kyungwoon университетинин өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Жолугушууга Эл аралык мамилелер жана билим берүү институтунун башкы директору Джу Янг Чунг, учкучсуз учуучу аппараттар жана автономдуу унаа инженериясы факультетинин деканы Эйтай Чонг, ошондой эле аталган факультеттин 4 студенттери жана Эл аралык мамилелер жана билим берүү институтунун өкүлү Се Хван Ким катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен долбоорлорду өткөрүү жана Global Korean Scholarship стипендиялык программасын илгерилетүү сыяктуу кызматташуунун мындан аркы келечегин талкуулашты.

Kyungwoon университети – АЭУнун өнөктөш жеке университети жана өзүнүн инженердик факультеттери менен белгилүү.

АЭУ Kyungwoon университетинин өкүлдөрүнө иш сапары үчүн ыраазычылык билдирет!

Сүрөт отчету: