0%
Brand Image
Loading ...

1-курстун студенти КРнын Конституциялык Сотунун конкурсунда 3-орунга ээ болду

Айпери Асекова, АЭУнун Эл аралык жана бизнес укук кафедрасынын 1-курсунун студенти Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан уюштурулган “Мыйзам алдындагы адилеттик жана теңдик: жаштар Конституциянын принциптерин күнүмдүк турмушта кантип ишке ашырууда” аталышындагы конкурсуна катышып, 3-орунга татыктуу болду. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 2024-жылдын 30-майында өткөрүлдү.

Сынак аталган теманы ачып берген мыкты дилбаяндарды жана видео материалдарды аныктоого багытталган. Сынактык материалдар ар кандай көз караштарды, жеке тажрыйбаларды, ошондой эле бул жааттагы кырдаалды жакшыртуу боюнча практикалык сунуштарды камтыган.

Студентибизди куттуктайбыз жана аны менен сыймыктанабыз!