0%
Brand Image
Loading ...

Туруктуулукка жол: АЭУда социалдык ишкердүүлүк жана инновация боюнча воркшоп өттү

Социалдык ишкердүүлүк жана инновация социалдык, экономикалык жана экологиялык көйгөйлөргө жаңы чечимдерди сунуштоо менен туруктуу эл аралык өнүгүүгө жетишүүдө негизги ролду ойнойт. Глобалдык чакырыктардын шартында бул багыттардын мааниси жогору болуп, дүйнө жүзү боюнча прогресске жана инклюзивдик өсүшкө түрткү болууда.

2024-жылдын 31-маында “Ала-Тоо” Эл аралык университетинде (АЭУ) инновация, бизнес жана социалдык ишкердик чөйрөсүндөгү эл аралык эксперттердин катышуусунда “Социалдык ишкердиктин жана инновациялардын туруктуу эл аралык өнүгүүдөгү ролу” аталышындагы воркшоп болуп өттү. Иш-чара АЭУнун Эл аралык мамилелер кафедрасы тарабынан уюштурулду.

“Воркшоптун максаты – социалдык ишкерлер кантип баалуулуктарды жаратаарын, ошондой эле бул уюмдардын коомдогу ролун талкуулоо. Иш-чара студенттерге жана жаш изилдөөчүлөргө жаңы билим алууга, ошону менен социалдык ишкердүүлүктөгү инновациялардын ролун түшүнүүдө потенциалды арттырууга мүмкүнчүлүк берет.” - деп белгиледи Таалайгүл Үсөнова, уюштуруучу жана Эл аралык мамилелер кафедрасынын ага окутуучусу. — подчеркнула организатор Таалайгуль Усонова – старший преподаватель кафедры Международных отношений. 

Воркшоптун негизги спикери Германиядагы Херти Башкаруу мектебинин жана АКШгы Стэнфорд университетинин уюштуруу теориясы, стратегиясы жана лидерлиги боюнча профессору Йоханна Мейр болуп, “Инновация жана масштабдын таасири” боюнча сөз сүйлөдү. Бул тема катышуучуларга социалдык сектордун уюмдары инновация жана масштабдуу таасирлер аркылуу баалуулукту кантип түзөрү жөнүндө пикир алмашууга мүмкүнчүлүк берди. Алар жергиликтүү уюмдар, анын ичинде социалдык ишканалар жана кооперативдер, укуктук формалардагы айырмачылыктарга карабастан, рынокко социалдык же экологиялык максаттар менен товарларды жана кызматтарды көрсөтүү менен эл аралык өнүктүрүү программаларына кантип интеграцияланышы мүмкүн экенин талкуулашты.

“Социалдык ишкердүүлүк көптөн бери болуп келген, бирок акыркы жылдары гана биз анын ролун экономикалык жана социалдык прогресстин маанилүү элементи катары түшүнө баштадык. Мисалы, БУУнун социалдык жана тилектештик экономика боюнча биринчи резолюциясы кабыл алынды – бул келечекте социалдык ишканалар бизнес жана өкмөттөр менен катар өнүгүүнүн маанилүү фактору катары таанылат деген үмүттү жаратат.

Эгерде сиз өнүгүү маселелерине таасир этип, ишкер боло баштасаңыз, анда туруктуу болуу маанилүү. Социалдык ишкердүүлүктө көптөгөн тоскоолдуктар болушу мүмкүн жана аны эч качан жалгыз жасай албайсыз. Бул воркшоп чындыгында эле таасирдүү болду, анткени мен социалдык ишкердүүлүккө болгон кызыгууну көрө алдым. Коомдук иш менен алектенген ишканалар көйгөйлөрдү чечүү үчүн жигердүү иштеп жатышат. Ошол эле учурда бул жааттагы билимди өнүктүрүүгө жана аны окуу процессинде колдонууга кызыгуу пайда болот.” - деп айтып өттү профессор Йоханна Мейр. — отметила профессор Йоханна Мейр.

Мындан тышкары “Жергиликтүү ишкердиктин эл аралык өнүгүүдөгү ролу” аттуу панелдик талкуунун жүрүшүндө Европа Биримдигинин Херти башкаруу мектебиндеги (Германия) “Мария Склодовская-Кюри иш-аракеттери” программасынын изилдөөчүсү доктор Назик Бейшеналы, ошондой эле Канаданын Alberta School of Business’тин профессору Эмили Блок аталган тема боюнча кызыктуу дискуссия түзүп беришти. 

“Социалдык ишкердүүлүк туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кылууда негизги ролду ойнойт, анткени ири корпорациялардын жана мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгүнөн тышкары, чакан ишканалар коомдун калыптанышына таасирин тийгизип, экономикага жана социалдык секторго салым кошушат. Мыйзамдардын жетишсиздиги жана каржылык кыйынчылыктар сыяктуу көйгөйлөргө карабастан, ишкерлер ишенимдүү түрдө, корпоративдик чечимдерди таап, туруктуулукка жетишүүдө.

ЖОЖдун социалдык ишкердикти өнүктүрүүгө тийгизген таасири олуттуу болушу мүмкүн, анткени университеттер социалдык сектордогу уюмдардын ишмердүүлүгүн активдүү изилдешет. Мисалы, бүгүн өткөрүлгөн иш-чаранын негизинде эки жыйынтык чыгарууга болот. Биринчиден, социалдык ишкердүүлүк Кыргызстандын өнүгүүсүнө кандай таасир этээри жөнүндө талкуулар болсо, экинчиден, адистештирилген окуу программаларын түзүү үчүн чет элдик концепцияларды биздин өлкөнүн контекстине туура келгенин колдонуп иш алып барса болот.” - деп кошумчалады доктор Назик Бейшеналы. — добавила д-р Назик Бейшеналы.

Иш-чара студенттер менен окутуучулардын башын бириктирип, тажрыйба жана пикир алмашууга өбөлгө түздү. Суроо-жооп сессиясынын жүрүшүндө катышуучулар бул жааттагы эксперттерден пикир алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. 

Сүрөт отчету: