0%
Brand Image
Loading ...

АЭУ делегациясынын АКШга болгон иш сапары

2024-жылдын май айында АЭУнун делегациясы: АЭУнун ректору Жылдызбек Жакшылыков, Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн директору Эдил Коногалиев, Чарба иштери бөлүмүнүн башчысы Нурдин Абдукеримов жана ректордун коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Санжарбек Эрдолатов АКШга иш сапары менен барып келишти.

Иш сапардын алкагында АЭУнун өкүлдөрү Түндүк Америка университетинде өткөн “Sustainability & Responsibility of Higher Education” аттуу төртүнчү жылдык эл аралык конференциясына катышты. Мындан тышкары эки ЖОЖдун өкүлдөрү стажировка жана окутуучулук курам алмашуу аркылуу кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле, алар АЭУнун бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуп, башка дүйнөлүк университеттер менен нетворкинг иш-чараларына катышты.

АЭУ жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.