0%
Brand Image
Loading ...

IT & Business Колледждин командасы графикалык дизайн боюнча 2-орунга ээ болду

2024-жылдын 31-майынан 2-июнуна чейин Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган студенттер үчүн программалоо жана графикалык дизайн боюнча “Кыргызстан 2024” республикалык чемпионаты болуп өттү.

IT & Business Колледжинин “TENIR” командасы “Графикалык дизайн” багытында экинчи орунду ээлеп, 15,000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыкка ээ болду. “TENIR” командасынын мүчөлөрү – “Графикалык дизайн” багытынын студенттери: Сара Маматазимова, Исламбек Ажыбеков, Кымбатбек кызы Татына, Абдыкааров Тилек жана Нишаналиев Нуржигит “Кыргызстандын маданиятын өнүктүрүү жана мурасы” темасын тандап алышкан. Алар постер, сайт же интерактивдүү баннер жана анимация түзүү тапшырмаларын аткарышып, бул материалдар кинематография, мода жана искусствону чагылдырган.

“Кыргыз талааларынын фонунда улуттук кийим кийген кыз турган видеоролик жараттык. Андан кийин модалуу кийимчен заманбап кыз “Салтты сактоо менен келечекке кадам таштайбыз” деген билдирүүнү карап, бул билдирүүгө “лайк” басат. Тапшырмалараыбызды “Салт” бренди менен сунуштадык. Азыркы заман менен салттардын өз ара байланышын көрсөтүү үчүн кыргыз рундарынан логотип, ошондой эле азыркы жана келечек кандайча байланышта экенин көрсөткөн постер иштеп чыктык. Бул материалдарды жасоо менен маданият жана анын таасири кандай өзгөргөнүн көрсөтө алдык.

Бул чемпионат бизге тактык көндүмдөрүн жана унутулгус командада иштөө тажрыйбасын берди. Команданын ар бир мүчөсүнүн өз милдеттери болгон: ар бир материалдын дизайнын иштеп чыгуу, маанилүү деталдарды жеткирүү, гармониялуу эффекттерди түзүү жана башка маанилүү аспектилер. Убакыттын тардыгына карабастан, биз калыстар тобунун алдында толук кандуу продукцияны сунуштай алдык. Кыска убакыттын ичинде дизайн жөндөмүбүздү көрсөтүп, эң сонун натыйжага жеттик. Даярдыктын бүт процессин көзөмөлдөгөн жана бизди бардык этаптарда колдогон окутуучубуз Андрей Ермаковго чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз” - деп белгиледи студенттер.

Чемпионат “Мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу”, “Веб-технологиялар” жана “Графикалык дизайн” тармактарындагы актуалдуу маселелерди чечүүгө багытталган билим берүү, долбоорлоо жана коммуникация форуму болду. Чемпионатты “Билим-Стандарт” көз карандысыз аккредитациялык агенттиги Ж. Баласагын атындагы КУУ менен биргеликте уюштурду.  

“TENIR” командасын жеңиши менен куттуктайбыз, ошондой эле биздин студенттерге туруктуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн окутуучу Андрей Ермаковго терең ыраазычылык билдиребиз!