2024-жылдын 5-июнунда АЭУда “MEET 2024” иш-чарасы өттү. “MEET 2024” – илимий долбоорлорду сунуштоо, билим жана тажрыйба алмашуу үчүн инновациялык платформа жана төмөнкү багыттарды камтыйт:
“MEET.SCIENCE” – университеттин студенттери, магистранттары, аспиранттары жана окутуучулары үчүн илимий конференциянын форматы.
“MEET.EXPO” – медицина, инженерия, билим берүү жана технология жаатындагы инновациялык долбоорлорду, өнүмдөрдү жана кызматтарды көрсөткөн көргөзмө.
“MEET.TALKS” – катышуучулар кызыктуу илимий темаларды талкуулоо, идеялары жана тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн формат.
“MEET.AWARDS” – 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча алты номинация боюнча мыктыларды сыйлоо аземи.
Профессордук-окутуучулук курамдын арасындагы жеңүүчүлөр:
- “Excellent Paper Chaser of Science” номинациясы – Нурзат Усупова жана Назарбек Акылбек уулу
- “Leading Project Guru” номинациясы – Айнуру Жолчиева
- “Top Grant Hunter” номинациясы – Радмир Гумеров
Студенттер арасындагы жеңүүчүлөр:
- “Outstanding Academic Genius” номинациясы – Чолпон Кушакова
- “Best Project Champion” номинациясы – Ахмет Мырзакулов
- “Most Active Volunteer” номинациясы – Кутман Сагыналиев
“Бүгүнкү иш-чара эркин форматта өтүп, студенттерге жана окутуучуларга тажрыйба жана билим алмашууга мыкты мүмкүнчүлүк түздү. Презентация учурунда катышуучулар суроолорду берип, пайдалуу маалымат алышты. Биз бул иш-чараны жыл сайын масштабдуу кылып өткөрүүнү, ошондой эле өлкөнүн башка жогорку окуу жайларынан конокторду чакырууну пландап жатабыз.” - деп белгиледи уюштуруучу Радмир Гумеров – АЭУнун Инновациялык иштеп чыгуулар жана изилдөөлөр борборунун координатору.
Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!
Сүрөт отчету: