0%
Brand Image
Loading ...

АЭУнун командасы CS2 боюнча Студенттик Лигада 2-орунду алды 

Жакында өткөн Студенттик Лигада CS2 боюнча АЭУнун командасы 2-орунду багындырды. АЭУ жана IT & Business колледжинин студенттери биригип, киберспортто өзүнүн жөндөмүн көрсөтүп, 60 000 сом акчалай байге утуп алышты. Команданын курамында Шаамырза Эркинов, Адилет Курманбеков, Азизхан Аземкулов, Баяс Мааткалымов жана Чыңгыз Аскаров бар.

Кыргызстандын Киберспорт Федерациясынын колдоосу менен уюштурулган Студенттик Лигага мектеп окуучулары, колледждердин жана университеттердин студенттери катышты. NITRO FRESH STUDENT LEAGUE SEASON 1 Counter Strike 2 дисциплинасы боюнча финалга АЭУ, КУУ жана КМТУ окуу жайларынын командалары чыккан.

Команданын мүчөлөрүнүн айтымында, ийгиликке жетүү үчүн оюндун маанилүү аспектиси – командалык иш:

“Эң оор учурлардын бири жаңы кошулган оюнчулар менен көнүшүү болду жана чогуу ойноо үчүн бир аз убакыт талап кылынды. Даярдык планын түзүп, убак-убагы менен машыгып, чогуу ойнодук. Бара-бара турнирде алга жылган сайын, оюнда мыкты формага жана ырааттуулукка жетише алдык. Башка спортто сыяктуу эле, биздин ийгилигибизде тартип негизги ролду ойнойт. Оюндун ичинде ар дайым өнүгүп, чеберчилигибизди өркүндөтүп жатабыз. Бирок, эң маанилүү фактор – командалык иш. Команданын ичинде байланышты жана синергияны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Күзүндө боло турган кийинки турнирге даярданууну максат кылып жатабыз. Ошондой эле, башталгыч оюнчуларга тажрыйбалуу оюнчулар менен ойноп, дайыма өнүгүп турууну сунуштайбыз. Бул оюнда ийгиликке жетиш үчүн көп убакыт жана күч-аракет жумшалышы керек. Университет үчүн киберспорттун өнүгүшү жаңы студенттердин көңүлүн буруу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Дүйнөдө киберспорттун популярдуулугун эске алганда, университетте киберспорт коомчулугунун болушу олуттуу артыкчылык берет. Биз университетте киберспорт коомчулугун түзүү жана ар кандай дисциплиналар боюнча турнирлерди уюштуруу боюнча жигердүү иштеп жатабыз.”

Для университета развитие киберспорта в его стенах – это отличная возможность привлечь внимание и новых студентов. Учитывая популярность киберспорта в мире, наличие киберспортивного сообщества в университете дает значительное преимущество перед другими учебными заведениями. Мы уже активно работаем над формированием киберспортивного сообщества в университете и организацией турниров по различным дисциплинам.”

Студенттерибизди жетишкендиги менен куттуктайбыз жана ийгиликтерди каалайбыз!