0%
Brand Image
Loading ...

IT & Business колледжинде бүтүрүү аземи 2024 өттү

2024-жылдын 14-июнунда АЭУнун алдындагы IT & Business колледжинин студенттеринин бүтүрүү аземи болуп өттү.

Көптөн күткөн салтанат АЭУнун ректору Жылдызбек Жакшылыковдун куттуктоо сөзү менен башталып, ошондой эле колледждин директору Эрмек Эсеналиев бардык катышуучуларга жана ата-энелерге ыраазычылык билдирди. Биринчи ирет кызыл дипломдун ээлерин сыйлап, “Жылдын мыкты студенти 2024” наамынын ээси Уулжан Маликовага сыйлык тапшырылды.

Ошондой эле колледждин активдүү жана спорт жаатында мыкты жетишкендиктерге ээ болгон бүтүрүүчүлөргө да өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, ар бир бөлүмдүн студенттери сертификат жана медалдар менен сыйланды.

Бүтүрүүчүлөрүбүздү куттуктайбыз жана мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз! 

Сүрөт отчету: