0%
Brand Image
Loading ...

DEFA долбоору боюнча семинар өтүп жатат

2024-жылдын 11 июнунан 15-июнуна чейин Ысык-Көл мамлекеттик университетинин базасында Erasmus+ долбоорунун алкагында “Кыргызстандагы университеттердин финансылык автономиясын өнүктүрүү” (DEFA) семинары өтүп жатат. Семинарга долбоордун бардык мүөлөрү катышууда. 

Долбоордун максаты – университеттердин финансылык автономиясынын ийкемдүү жана натыйжалуу моделин иштеп чыгуу. Ал мекемелерге ресурстарды мобилизациялоого, башкарууга жана коомдун жана рыноктун өзгөрүп жаткан муктаждыктарын канааттандыруу үчүн натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет, ошондой эле инклюзивдүү, экологиялык жактан таза, креативдүү жана адилеттүү мамлекетти өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. АЭУнун атынан Талант Асан уулу, окуу иштери боюнча проректор Рустам Умаров, Санжарбек Эрдолатов жана Айкерим Сагынбекова катышууда.