0%
Brand Image
Loading ...

АЭУ бүтүрүү аземи 2024! 

2024-жылдын 18-июнунда “АТА” салтанат залында АЭУнун бакалавр жана магистратура программаларынын бүтүрүү салтанаттуу аземи болуп өттү. Бул күнү 300дөн ашык студенттер окуу жайды ийгиликтүү бүтүруштү.

Ар бир бүтүрүүчү бул саамалыкты чыдамсыздык менен күтүп, толкунданып турушту. Салтанаттуу иш-чара көңүлдүү концерттик программалар жана позитивдүү эмоциялар менен коштолду. Бүтүрүү аземи АЭУнун ректору Жылдызбек Жакшылыковдун куттуктоо сөзү менен башталып, ректорубуз баарына ийгилик каалап, аларыдн илим-билимге берилгендигин баса белгилеп, ошондой эле ата-энелерине ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө чакырылган шоу-бизнестин өкүлдөрү, бийчилер жакшы маанай тартуулап, бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо аземи болду. Ар бир бүтүрүүчү жетишкендиктеринин жана аракеттеринин символу болгон сертификат жана медаль алышты. “Мыкты студент 2024” наамынын ээси Айжамал Тиленбекова болуп, бардыгына ыраазучылык билдирип, ийгилик каалады. Мыкты студентке сыйлыкты КРнын Президентинин кеңешчиси Арслан Койчуев тапшырды.

Бардык бүтүрүүчүлөрүбүздү куттуктап, чоң жетишкендиктерди жана жеңиштерди каалайбыз!

Сүрөт отчету: