0%
Brand Image
Loading ...

АЭУ КРнын ЖОЖнун улуттук рейтингинин сап башында

АЭУ Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын улуттук рейтингинде 453.58 балл менен экинчи орунду ээледи. Бул көрсөткүч АЭУнун көп тармактуу университет катары туруктуу лидерлигин кайрадан тастыктап, билим берүүнүн сапатын камсыз кылууда талыкпаган умтулуусун көрсөтөт.

КРнын ЖОЖнун улуттук рейтинги – бул ЖОЖ тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарына, анын окутуучуларынын кадыр-баркынын деңгээлине, программаларынын сапатына, студенттер менен окутуучулардын бардык мүмкүнчүлүктөрүн жана таланттарын толук ачуу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө баа берүү.

Жогорудагы критерийлерден тышкары, окутуунун сапаты, кесиптик тармактар, кызматкерлерди жумушка алуу, окутуучулардын жаш категориялары боюнча рейтингдер жана башкалар эске алынган. АЭУ билим берүүнүн сапатынын жогорку стандарттарына жооп берүү үчүн бул критерийлерди жакшыртууда талыкпай иштейт. Жогорку окуу жайларынын рейтинги жөнүндө толук маалыматты ала аласыз.

Ошондой эле, АЭУнун көрүнүктүү илимий жетишкендиктеринин бири университеттин Eurasian Journal of Business and Economics (EJBE) журналы аннотациялары жана цитаталары боюнча дүйнөдөгү алдыңкы маалымат базаларынын бири болгон Scopusка официалдуу түрдө киргизилди. Бул жетишкендик университеттин гана эмес, Кыргызстандын дүйнөлүк илимий коомчулукта таанылуусун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Сүрөт отчету: