0%
Brand Image
Loading ...

Хоф колдонмо илимдер университетинин профессорлору менен жолугушуу 

2024-жылдын 2 сентябрында АЭУда Германиядагы Хоф колдонмо илимдер университетинин профессорлору – информатика факультетинин деканы д-р Андрей Бахманн жана декандын орун басары д-р Себастьян Леуот менен жолугушуу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө АЭУ жана Хоф колдонмо илимдер университетинин профессорлорунун ортосунда жалпы изилдөө кызыкчылыктарын орнотуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле эки тараптын студенттерин биргелешкен долбоорлорго тартуу жолдору талкууланды. Белгилей кетсек, Хоф колдонмо илимдер университети АЭУнун өнөктөш университети болуп саналат жана IT жаатындагы кош диплом программасынын алкагында аны менен активдүү кызматташат. 

АЭУ профессорлорго сапары жана жемиштүү диалог үчүн ыраазычылык билдирет! 

Сүрөт отчету: