0%
Brand Image
Loading ...

EJBE, Alatoo Academic Studies илимий журналдарындагы жаңы жетишкендиктер

Илим – бул адамзаттын өнүгүүсүнүн жана келечегинин негизги кыймылдаткыч күчү. Ал билимдин тереңине үңүлүп, жаңы ачылыштарды жаратып, дүйнөнү жакшы жакка өзгөртөт. АЭУнун EJBE жана Alatoo Academic Studies илимий журналдары да дал ушул миссияга жараша, илимий чөйрөдө өздөрүнүн ордун бекемдөөдө. Орусиянын илимий цитаталар индексинин (РИНЦ) жыйынтыгы боюнча 2023-жылдын жыйынтыгы менен журналдар эң мыкты көрсөткүчкө жетишти. EJBE илимий журналынын Импакт фактору – 0,667, Alatoo Academic Studies илимий журналынын Импакт фактору – 0,535ке көтөрүлдү. Бул жетишкендиктер Кыргызстандагы журналдардын рейтингинде биринчи жана экинчи орунду бекемдөө менен EJBE жана Alatoo Academic Studies илимий журналдарынын аброюн ого бетер арттырды.

2006-жылдан бери АЭУ тарабынан басылып чыккан Alatoo Academic Studies илимий журналы илимдин ар кандай тармактарындагы алдыңкы адистердин мыкты илимий эмгектерин ийгиликтүү жарыялап келе жаткандыгын баса белгилеп кетүү маанилүү. Илимий макалаларды даярдоодо авторлор журналда белгиленген жогорку стандарттарды жана талаптарды толугу менен сакташы керек. Журнал илимий макалаларды төрт тилде кабыл алат: кыргыз, орус, англис жана түрк.

Илимий макалаларды кабыл алуу процесси авторлор менен тыгыз кызматташууну жана катуу көзөмөлдү талап кылат. Ар бир илимий макала антиплагиат системасы аркылуу уникалдуулуктун милдеттүү текшерүүсүнөн өтүп, талаптарга жооп бергенде гана жарыяланат. Ошондой эле жарыялоо процессинде редколлегиянын пикирине чоң маани берилет. 

Бул ийгиликке жетүүдө университеттин жана илимий журналдарда макалаларын жарыялаган авторлордун салымы чоң. Редакциялык процесстин бардык катышуучуларынын жана изилдөөчүлөрдүн илимге болгон жогорку кесипкөй мамилеси жана берилгендиги журналдардын позициясын бекемдөөгө жана алардын илимий чөйрөдө таанылышына өбөлгө түздү. Илимий изилдөөлөрдү колдоону улантып, жаңы бийиктиктерге жетише берели! Алдыда дагы көптөгөн жаңы ачылыштарга жана жетишкендиктерге жол ачыла берсин. Илимдин күчү менен жаркын келечекке умтула берели!