0%
Brand Image
Loading ...

Бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу 2024

Бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу – университеттин коомчулугунун маанилүү салты жана ажырагыс бөлүгү. 2024-жылдын 14-сентябрында АЭУнун аймагында “Ала-Тоо Бүтүрүүчүлөрү” Коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган бүтүрүүчүлөрдүн салттуу жолугушуусу өттү.

Спикерлер саламдашуу сөзүн сүйлөп, ал эми уюштуруучулар “Ала-Тоо Бүтүрүүчүлөрү” Коомдук бирикмеси жана анын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришти. Мурунку студенттер студенттик күндөрүн эстеп, өз тажрыйбалары менен бөлүшүп отурушту. АЭУнун бүтүрүүчүлөрүнүн бири, КРнын Президентине караштуу коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин улуттук консультант-эксперти Замир Айылчиев өзүнүн ойлору менен бөлүштү:

“Университеттин атмосферасы абдан жагымдуу. Билим берүүсү инклюзивдүү деп айта алам, анткени профессорлор ар тараптуу. Ошондой эле АЭУ Кыргызстандагы университеттердин рейтингинде алдыңкы орундарды ээлеп келе жаткандыгын байкоого болот. Бул ЖОЖдун жалпы ийгилиги жана анын жетекчилигинин чоң аракетинин натыйжасы деп эсептейм.”

Ошондой эле АЭУнун бүтүрүүчүсү Элнура өз таасирлери менен бөлүштү:

“Ала-Тоонун бүтүрүүчүсү болгонума сыймыктанам, анткени билим берүүнүн эл аралык стандарттарына ылайык келген диплом алдым. Учурда Бельгиядагы Социалдык тейлөө федерациясынын координатору болуп иштейм. Окутуу англис тилинде болгондуктан, француз жана голланд тилдерин үйрөнүү мага оңой болду. Мен жумушка барганда университетимди дайыма эстеп, ошол жерден алган билимиме таянып, жакшы жумуш менен алектенүүдөмүн. Биз АЭУнун бүтүрүүчүлөрү менен тыгыз байланыштабыз. Окутуучуларга эмгеги үчүн, ошондой эле уюштуруучуларга чакыруу үчүн ыраазычылык билдирем.”

Иш-чаранын жүрүшүндө концерттик программалар жана интеллектуалдык оюндар уюштурулду. “Ала-Тоо Бүтүрүүчүлөрү” Коомдук бирикмесинин директору Камчыбек Нарматовдун айтымында иш-чаранын максаты – бүтүрүүчүлөрдүн жана окуу жайдын ортосундагы мамилени чыңдоо, ошондой эле бирикменин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымдоо. 

Бул иш-чара мурдагы студенттерге ийгиликтери менен бөлүшүүгө, эски байланыштарды бекемдөөгө жана жаңыларын түзүүгө мүмкүндүк берди. Мындай жолугушуулар бүтүрүүчүлөрдүн ар кандай муундарын бириктирип, университеттик үй-бүлөнү бекемдөөгө жардам берет. Бардык бүтүрүүчүлөргө келгендиги үчүн жана жолугушууну ийгиликтүү өткөргөндүгү үчүн уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз.

Сүрөт отчету: