0%
Brand Image
Loading ...

АЭУ Fulbright программасы боюнча келген лекторду тосуп алды

Жаңы 2024-2025-окуу жылынын башталышы менен АЭУ АКШнын абройлуу Fulbright билим берүү программасы боюнча келген биринчи коногун тосуп алды. 2024-жылдын сентябрь айынан баштап Джейден Рид АЭУда англис тили мугалиминин ассистенти катары Англис тили жана адабияты кафедрасынын студенттерине оозеки англис тили боюнча сабак берип баштады. 

Бир жыл ичинде Джейден Рид студенттер менен активдүү иштешип, алардын сүйлөө жөндөмүн өркүндөтүүгө жардам берет. Студенттер Джейденди кубаныч менен тосуп алышып, анын келишин маанилүү окуя катары белгилешти.

Эскерте кетсек, өткөн жылда Fulbright Scholar жана Fulbright Specialist программалары боюнча профессорлор келип өздөрүнүн көп жылдык тажрыйбасы менен бөлүшкөн. АЭУ АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине билим берүү тармагындагы тыгыз кызматташтыгы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.