0%
Brand Image
Loading ...

Жаштар IR Club жана ProKG тренингинен карьералык өсүштү үйрөнүшөт

2024-жылдын 20-сентябрында жаштардын лидерлик потенциалын жана финансылык сабаттуулугун өнүктүрүү боюнча программанын алкагында IR Club ProKG Профессионалдар клубу менен биргеликте “Резюме үчүн кесиптик тажрыйбаны кантип алуу керек” деген темада тренинг өткөрдү.

Иш-чараны ProKGнин директору Федор Логунов куттуктоо саламдашуу менен ачып, анда ал тренингдин максаттары менен тааныштырып, жолугушуунун негизги милдеттерин белгиледи.

Иш-чаранын өзгөчө коногу “Bilim Do” билим берүү фондунун негиздөөчүсү Мээрим Абдрахманова болду. Ал ProKGнин жаралуу тарыхы менен бөлүшүп, уюмдун миссиясы жөнүндө айтып берди, ошондой эле ийгиликтүү жумушка орношуу үчүн резюмени туура түзүү маселелерин талкуулады. Катышуучулар Кыргызстандын студенттерине жана жаш адистерине багытталган масштабдуу “FinOlimp” республикалык олимпиадасы тууралуу кошумча маалымат алышты.

ProKG лидерлик программасынын катышуучусу Аймарал Чомокова программанын өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып, жеке тажрыйбасы жана программа берген уникалдуу мүмкүнчүлүктөр менен бөлүштү.

Тренинг катышуучуларга лидерлик программасы жөнүндө маанилүү маалыматтарды, анын ичинде кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча пайдалуу кеңештерди берди.

Сүрөт отчету: