Университет коомчулугу үчүн достукту сактоо жана улуттар аралык диалогду өнүктүрүү маанилүү. Ушуга байланыштуу, 2024-жылдын 20-сентябрында АЭУда достукту жана улуттар аралык диалогду чыңдоого багытталган фестиваль болуп өттү.
Университеттин аймагында айымдар чогулуп, маданий каада-салттар менен бөлүшүп, фестивалга активдүү катышты. Фестивалдын башкы коногу акын Акбар Кубанычбеков болуп, ал өзүнүн белгилүү автордук чыгармаларын жандуу үн менен аткарып берди.
Иш-чаранын программасында поэзия, конкурстар, комуз күүлөрү, ыр-бий, этно-фуршет жана ар түрдүү элдердин маданияттарын тааныткан презентациялар камтылды. Фестивалдын дресс-коду улуттук кийимдер жана аксессуарлар болуп, эң оригиналдуу образдар жана костюмдар үчүн сыйлыктар тапшырылды. Аталган иш-чара достукту жана ынтымакты бекемдөө үчүн мыкты мүмкүнчүлүк болду. Уюштуруучуларга достукту бекемдеген фестивалды өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Сүрөт отчету: