2024-жылдын 24-сентябрында АЭУнун Ж. Каниметов атындагы илимий китепкананын астында “Ала-Тоо” китеп клубу түзүлдү. Бул күнү клубдун ачылышы өтүп, ага АЭУнун Илимий иштери боюнча проректору, п.и.д., профессор Салидин Калдыбаев, китепкана директору Динара Нуралиева, Студенттик турмуш бөлүмүнүн башчысы Бакыт Исакжанов, окутуучу Жаныбек Абидетегин жана клубдун мүчө-студенттери катышышты.
Клубдун урааны – “Ала-Тоону сүйүш үчүн Ала-Тоодой жүрөк керек!”. Клубдун куратору АЭУнун окутуучусу Жаныбек Абидетегин, президенти Инженерия жана информатика факультетинин студенти Каныкей Абдилахатова жана мүчөлөрү китепке байланыштуу иштерди алып барат. Бул бир гана факультеттин клубу эмес, жалпы университеттин клубу.
Клуб студенттер, окутуучулар жана кызматкерлер арасында китеп окуу маданиятын жайылтуу жана китепкананы жандандыруу боюнча иш алып барат. АЭУ клубдун келечектеги ишмердүүлүгүнө албан ийгиликтерди каалайт!
Сүрөт отчету: