2024-жылдын 24 сентябрында ААК “Кыргызстан Коммерциялык Банкы” (MBANK) АЭУга расмий сапары менен келди. Жолугушуунун максаты Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттеринен жаш адистерди тартуу аркылуу банктын кадрдык курамын жаңыртуу болду.
АЭУнун ректору, п.и.к., доцент Жылдызбек Жакшылыков, Илимий иштер боюнча проректор, п.и.д., профессор Салидин Калдыбаев жана Окуу иштери боюнча проректор, PhD Рустам Умаров конокторду тосуп алып, окуу жайдын ишмердүүлүгү боюнча айтып беришти. Банк тарабынан жолугушууга операциялык ишмердүүлүк боюнча Башкармалыктын Төрагасынын орун басары Джанболотов Улан Эркинбекович, ошондой эле MBANKтын кызматкерлери катышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кызматташуу маселелерин, анын ичинде студенттерди MBANKка стажировкадан өткөрүү жана жумушка орноштуруу маселелерин талкуулашты. Улан Эркинбекович өзүн мыкты жагынан көрсөткөн студенттер үчүн стажировка программалары тууралуу маалымат менен бөлүштү. Жолугушуунун соңунда эки тарап мындан аркы өз ара кызматташуунун негизги багыттарын белгилеп, конструктивдүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.
АЭУ ААК “Кыргызстан Коммерциялык Банктын” өкүлдөрүнө иш сапары жана жемиштүү диалог үчүн ыраазычылык билдирет.
Сүрөт отчету: