0%
Brand Image
Loading ...

Венгер профессорунан конок лекция

2024-жылдын 24 сентябрында Венгриянын эл аралык мамилелер институтунун башкы кеңешчиси, улук илимий кызматкери, профессор Ласло Васа АЭУга келип, Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн студенттерине “Өз ара аракеттенүү тышкы саясатка жаңы мамиле катары – Венгриянын мисалында” аттуу конок лекциясын өткөрдү. 

Профессор бул теманы Венгриянын мисалында кеңири карап чыгып, эл аралык аренада кызматташуунун жана диалогдун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду. Студенттер суроолорду берип, эксперттен кайтарым байланыш алышты.

Учурдагы дипломатиялык тенденцияларды жана стратегияларды жакшыраак түшүнүүгө келечектеги дипломаттар үчүн мындай лекциялар өзгөчө мааниге ээ. Диалог жүргүзүү, тил табышуу жана жемиштүү альянстарды түзүү жөндөмү дипломатиялык чөйрөдө ийгиликке жетүү үчүн негизги көндүм болуп саналат. АЭУ профессор Ласло Васага сапары жана кызыктуу лекциясы үчүн ыраазычылык билдирет.

Сүрөт отчету: