0%
Brand Image
Loading ...

Студенттердин БРИКС конкурсундагы ийгиликтери

ЖОЖдордун студенттеринин улуттук жана эл аралык деңгээлдеги ар кандай конкурстарга катышуусу академиялык көндүмдөрдү гана өнүктүрбөстөн, аларды атаандаштыкка да даярдайт. АЭУнун студенттеринин мындай иш-чараларга катышуусу алар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, сынчыл ой жүгүрткөнгө үйрөтөт.

IT факультетинин студенттери Чолпон Халибаева, Майрам Кенжебек кызы жана Нурсултан Курманбеков BRICS Future Skills & Tech Challenge 2024 эл аралык конкурсуна “Графикалык дизайн” компетенциясы боюнча катышты. Ошондой эле IT & Business колледжинин ПОВТАС бөлүмүнүн студенти Адилет Усенканов “Веб-технологиялар” компетенциясы боюнча күч сынашты. 

Катышуучулар арасында Чолпон Халибаева жалпы жыйынтык боюнча 3-орунду, улуттук рейтинг боюнча 1-орунду ээледи. Майрам Кенжебек кызы улуттук рейтинг боюнча күмүш медалга ээ болду. Ал эми Нурсултан Курманбеков “Дрон” компетенциясы боюнча онлайн форматтагы катышуучулардын арасынан 1-орунду ээледи. Адилет Усенканов “Веб-технологиялар” компетенциясындагы категориялардын биринде алтын медалды жеңип алды. Катышуучулардын кураторлору Андрей Ермаков жана Артур Давлетшин алардын ийгилигине олуттуу салым кошушту.

Чолпон Халибаева: “Негизги максат ар кандай тапшырмалар үчүн визуалдык материалдарды, анын ичинде дизайн-макеттерди жана иллюстрацияларды түзүү болгон. Олимпиада графикалык редакторлор аркылуу көндүмдөрдү, чыгармачыл ой жүгүртүүнү өркүндөтүп, жаңы шарттарга тез көнүп кетүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бул тажрыйба менин кесипкөйлүгүмдү арттырып, убакыттын тардыгында иштөөгө үйрөттү. Албетте, бул менин келечектеги карьерам үчүн абдан маанилүү. Мен Андрей Ермаковго анын туруктуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдиргим келет.”

Адилет Усенканов: “Контентти башкаруу тутумун колдонуп веб-сайттарды иштеп чыктым, ошондой эле сервердик тиркемелерди иштеп чыгып, аларды орноттум. Убакыттын жетишсиздиги сыяктуу кыйынчылыктар болду, анткени ар бир модулга үч саат берилди, бул өтө кыска убакыт, ошондой эле Республиканын аймагындагы туруксуз интернет байланышы болду. Бирок ошого карабастан, мен бардык тапшырмаларды өз убагында жана так аткара алдым. Кураторум Артур Давлетшинге анын эмгеги үчүн ыраазычылык билдирем.”

BRICS Future Skills & Tech Challenge 2024 – алдыңкы технологиялар жана көндүмдөр боюнча эл аралык сынак. Сынак 2024-жылдын 22-сентябрынан 27-сентябрына чейин өткөн. Студенттерибизди куттуктайбыз жана аларга мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!