0%
Brand Image
Loading ...

Руслан Акматбек “Сынчы жана көрөгөч” долбоорунун алакагында АЭУда

2024-жылдын 3-октябрында АЭУда “Сынчы жана көрөгөч” долбоорунун алакагында ректор, проректорлор жана декандар катышкан алгачкы жолугушуу болуп өттү. Долбоордун биринчи коногу – эксперт Руслан Акматбек болду. Долбоордун максаты окуу жайды ачык айкын көз караш менен сындап, келечегин көрөгөч көз караш менен бөлүшүү болуп саналат.

Руслан Акматбек – бизнес чөйрөсүндө тажрыйбалуу адис жана билим берүү мекемелери менен ишкердикти интеграциялоонун жаңы жолдорун сунуштаган практик. Анын катышуусу менен өткөн жолугушууда бир катар маанилүү темалар талкууланды. Биринчи кезекте илим менен бизнес интеграциясы боюнча суроолор көтөрүлдү. Эксперт университеттердин илимий потенциалын коммерциялык сектор менен айкалыштыруу аркылуу инновацияларды жана натыйжалуу өнүгүүнү камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи.

Руслан Акматбек бизнес менен илимдин ортосундагы кызматташтыктын деңгээли азыркы учурда жеткиликтүү экенин, бирок дагы көп ишти аткаруу зарылдыгын белгилеп өттү. Бизнес илимди колдой алабы деген суроонун айланасында көптөгөн сунуштар айтылып, ишкердик секторунун илимди өнүктүрүүдөгү ролу талкууланды.

Мындан тышкары, университеттердин улуттун өнүгүүсүнө кошкон салымы тууралуу маселелер да каралды. Эксперт университеттер билим берүү аркылуу улуттук иденттүүлүктү, маданиятты жана коомдук аң-сезимди өнүктүрүүгө багытталган чоң миссияны аткарарын белгиледи. Коомго кызмат кылуу, анын баалуулуктарын калыптандыруу – университеттин негизги максаттарынын бири катары каралды.

Жолугушуунун дагы бир маанилүү аспектиси – Руслан Акматбектин университеттин ишмердүүлүгүнө критикалык көз караш менен баа берип, өзүнүн сунуштарын жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүп берүү болду. Ал университеттин коомдук миссиясын аткарууда илимий жана билим берүү иштерин элге пайда алып келүүчү натыйжаларга багыттоо зарылдыгын баса белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө Руслан Акматбек университетке дагы бир маанилүү сунуш берди – окуу жайдын бардык ишмердүүлүгүндө коомго ачык болуп, билим берүү, илимий изилдөөлөр жана социалдык долбоорлор боюнча жүргүзгөн иштери коомчулукка жеткиликтүү жана түшүнүктүү болушу керектигин белгиледи. Бул ачыктык коомдун ишенимин жогорулатып, окуу жайдын коомдук миссиясын ийгиликтүү аткарууга өбөлгө түзөт деп билдирди. Салижан Жигитовдун интеллигенцияга арналган эмгектери да мисал катары келтирилип, билим жана маданият коомдун негизги баалуулуктары болушу керектиги айтылды. Руслан Акматбек университеттин ушул багыттарда дагы да активдүү иш алып барышы керектиги тууралуу ойлорун бөлүштү. Жалпысынан “Сынчы жана көрөгөч” долбоорунун алгачкы жолугушуусу университеттин өнүгүүсүнө критикалык көз караш менен кароо, анын күчтүү жактарын белгилөө жана келечекте өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо багытында ийгиликтүү болду.

Сүрөт отчету: