0%
Brand Image
Loading ...

Кыргызстандын командасы Ташкентте CS2 боюнча күмүш алды

2024-жылдын 5-октябрынан 6-октябрга чейин Ташкентте Борбордук Азиянын күчтүү командаларынын арасында CS2 боюнча аймактык турнир болуп өттү. Кыргызстандын “AK BARS” командасы турнирге катышып, ардактуу экинчи орун менен $2500 өлчөмүндө акчалай сыйлыкка ээ болушту. Турнирдин максаты – Борбор Азия региондорунда киберспортту өркүндөтүү.

Беш адамдан турган команданын курамында IT & Business колледжинин “Графикалык дизайн” бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Баяс Мааткалымов да бар. Баястын айтымында, команда олуттуу даярдыксыз эле бирге катышууну чечкен.

“Биз бул турнирге атайын даярданган жокпуз, жөн гана чогулуп, катышууну чечтик. Биринчи беттештен кийин төмөнкү торго түшкөндө, командада түшүнбөстүктөр пайда болду. Бирок биз кырдаалды тез талкуулап, кийинки оюндарга толугу менен көңүл бурдук. Критикалык учурларда мен дайыма өзүмдү жеңил сезүү үчүн тактикалык тыныгуу кылам. Ата-энем жана досторум бул таймаш учурунда эч нерсеге карабастан мени колдоп жатышты. Алардын колдоосу үчүн чоң рахмат айткым келет.

Окуу менен спортту айкалыштыруу кыйын, анткени сабактар кеч бүтүп, кээде машыгууну башка убакытка жылдырганга туура келет. Ушул кыйынчылыктарга карабастан, мен бардык нерсени өз убагында аткарууга аракет кылам. Киберспорт азыр жаштар арасында популярдуулукка ээ болууда. Мен турнирдин уюштуруучуларына башыбыздан өткөргөн эмоциялар үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Кийинки оюндарда биринчи орунду ээлеп, мыктылардын мыктысы болобуз деп үмүттөнөбүз.”

“AK BARS” командасын жана, албетте, студентибиз Баясты чоң ийгиликтер менен куттуктайбыз! Анын бардык аракеттеринде мындан аркы жеңиштерди жана бийиктиктерди каалайбыз!