0%
Brand Image
Loading ...

АЭУнун өкүлдөрү DEFA долбоорунун мониторингине катышты

2024-жылдын 9 сентябрында АЭУнун ректору Жылдызбек Жакшылыков, Айкерим Сагынбекова жана Талант Асан уулу И. Раззаков атындагы КМТУнун конференц залында Erasmus+ программасы тарабынан каржыланган DEFA долбоорунун мониторингине катышышты.  

Мониторингдин максаты – ишке ашырылып жаткан иш-чаралар жана иштелип чыккан натыйжалар менен таанышуу, ошондой эле долбоордун оперативдүү жана/же финансылык ишке ашырууда талкууланып жана чечиле турган көйгөйлөр бар же жок экендигине байкоо жүргүзүү.

Долбоордун аралык мониторинги Билим берүү, маданият жана аудиовизуалдык аткаруучу Агенттиги (EACEA, Брюссель) тарабынан өткөрүлүп жатат. Мониторингди бул агенттиктин монитору Мария-Соль Домингес Паррадо жүргүзүүдө. Кыргызстандагы Erasmus+ офиси жана долбоордун бардык өнөктөштөрү катышып, кылынган иштер тууралуу отчет беришти. 

Сүрөт отчету: