0%
Brand Image
Loading ...

АЭУнун өкүлдөрүнүн Түштүк Кореяга болгон иш сапары

2024-жылдын 1 октябрынан 3 октябрына чейин АЭУнун Административдик-чарбалык иштери боюнча проректору Сейитбек Тиллеков жана Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн директору Эдил Коногалиев Түштүк Кореяга иш-сапары менен барып келишти.

Иш-сапардын алкагында алар Гуми шаарындагы Kyungwoon университетинде өткөн “Global-In Gyeongbuk Gumi Education Forum 2024” форумуна катышышты. Форум “Санарипке өтүү: билим берүү тармагындагы көндүмдөрдүн тартыштыгын жоюу” темасында болду. Мындан тышкары АЭУнун делегациясы Samsung жана Geri сыяктуу алдыңкы техникалык компанияларга барышты.

Сапардын максаты кызматташтыкты бекемдөө, студенттер үчүн практика өтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо, ошондой эле билим берүү форумуна катышуу болду. АЭУ өнөктөштөргө жылуу кабыл алгандыгы жана конструктивдүү диалог үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Сүрөт отчету: