0%
Brand Image
Loading ...

АКШ элчилигинен студенттер үчүн семинар

2024-жылдын 10-октябрында АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү – маданий иштер боюнча кызматкер Джеффри Бантинг, коомдук дипломатия бөлүмүнүн адиси Гульзат Кочорова жана келечектүү лидерлер жана бүтүрүүчүлөр менен иштөө үчүн алмашуу программаларынын координатору Аида Тыныбекова АЭУга келишти.

Алар студенттер үчүн Fulbright, Hubert Humphrey Fellowship Program жана TechWomen сыяктуу чыгымдарды толугу менен төлөгөн академиялык алмашуу программалары жөнүндө кызыктуу семинар өткөрүштү. Бул программаларга катышуунун негизги талабы – англис тилинде эркин сүйлөө. Студенттер суроолорду берип, Элчиликтин өкүлдөрүнөн түздөн-түз жооп алууга мүмкүнчүлүк алышты. АЭУ конокторго пайдалуу жана баалуу маалымат үчүн ыраазычылык билдирет.

Сүрөт отчету: