0%
Brand Image
Loading ...

АЭУнун окутуучулары эл аралык конференцияга катышты

2024-жылдын 26-сентябрынан 27-сентябрына чейин Өзбекстанда “Глобалдашуу мезгилинде диаспорологиянын өнүгүшү” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга онлайн форматта ф.и.д., профессор Мариям Эдилова жана доцент Жылдыз Такенова “Окуу жайларындагы мультикультурализм жана толеранттуулук” (АЭУнун мисалында) доклады менен катышты.

2024-жылдын 10-октябрында “Борбордук Азия аялдарынын изилдөө компетенцияларын өнүктүрүүдө гендердик теңчилик принциби” аттуу эл аралык конференцияда профессор М. Эдилова оффлайн форматта “Кыргызстан аялдарынын илимий-изилдөө ишмердүүлүгү жөнүндө” аттуу доклады менен катышты. Ошондой эле АЭУнун доценти Замира Камчибекова “Олимпиада оюндарынын мисалында гендердик теңчилик” докладын окуду.

Форумга Кыргызстандан көптөгөн жаш окумуштуулар катышып, конференция жогорку деңгээлде өттү.

Сүрөт отчету: