0%
Brand Image
Loading ...

АЭУнун студенти Beeline CTF конкурсунда 1-орунду алды

2024-жылдын 8-октябрынан 9-октябрына чейин Beeline CTF конкурсу өттү. CTF – киберкоопсуздук боюнча көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган маалыматтык коопсуздук конкурсу. Аталган конкурста АЭУнун IT факультетинин студенти Кадырмамат Момунов 1-орунду ээледи.

Анын айтымында, CTFда катышуучулар “желектерди” табуу максатында ар кандай коопсуздук аспектилери менен байланышкан маселелерди чечет. Желектер – бул табылган алсыздыктарды, шифрлерди, ачкычтарды же системанын башка элементтерин символдоштурган текст саптары.

Кадырмамат Момунов:

“Jeopardy форматта катышуучуларга ар кандай татаалдыктагы маселелердин тизмеси сунушталат. Алардын ар бири чечүүнү талап кылган өзүнчө көйгөй. Ар бир чечилген маселе үчүн мүчөлөр желек жана тиешелүү упайларды алышат. Мелдештин аягында эң көп упай топтогон команда же катышуучу жеңишке жетет.

Attack-Defense форматы эки негизги бөлүктү камтыйт: өз сервистерин коргоо жана башка командалардыкына чабуул жасоо. Максаты – өзүбүздүн инфраструктураны коргоо гана эмес, атаандаштардын желектерин басып алуу үчүн инфраструктурага кол салуу.

Мелдештин максаты чабуулчунун чабуулун иликтөө болгон. Ал системага кантип киргенин аныктап, текшерүү үчүн уюштуруучуларга желектерди жөнөтүү керек. Мелдеш Jeopardy форматында өтүп, ким көп желектерди тапса, ошол жеңүүчү болду. Табылган ар бир желек үчүн упайлар топтолду. Мелдештин аягында мен болушунча көп желектерди тапканым үчүн 800 упай топтоп, биринчи орунду ала алдым.”

Белгилей кетсек, Кадырмамат учурда Германиядагы Хоф прикладдык илимдер университетинде кош диплом программасынын алкагында окуп жатат. Студентибизди жеңиши менен куттуктайбыз жана мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!