0%
Brand Image
Loading ...

“Мугалим” долбоорунун алкагындагы АЭУнун ректорунан лекция  

2024-жылдын 18-октябрында “Мугалим” долбоорунун алкагында АЭУнун ректору, п.и.к., доцент Жакшылыков Жылдызбек Жакшылыкович “Лин-билим берүү” темасында Педагогика кафедрасынын студенттерине конок лекция өткөрдү. 

Лекциянын жүрүшүндө Жылдызбек Жакшылыкович студенттерге окутуучулук кесиптин баалуулуктары, педагогдун компетенциялары, ошондой эле билим берүүнүн принциптери жана маданияты жөнүндө айтып берди. Иш-чара активдүү пикир алмашуу форматында өтүп, студенттер суроолорун беришип, өз ойлору менен бөлүшүштү. Аудитория мындан ары кесиптик өнүгүүгө көптөгөн пайдалуу түшүнүктөрдү алып, талкууга активдүү катышты.

Келечектеги педагогдор үчүн мазмундуу жана кызыктуу лекция окугандыгы үчүн Жылдызбек Жакшылыковичке терең ыраазычылык билдиребиз!

Сүрөт отчету: