0%
Brand Image
Loading ...

“АЛА-ТО” ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АКЫНЫ РАМИС РЫСКУЛОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕЙТ

2024-жылдын 24-октябрында “Ала-Тоо” Эл аралык университетинде Кыргыз Республикасынын эл акыны Рамис Рыскуловдун 90 жылдыгына арналган поэзия жана музыка кечеси өткөрүлөт. Cultura Nomada коомдук фондунун демилгеси менен “Ала-Тоо” университетинин “Коомчулук менен байланыш” жана “Журналистика” программаларынын студенттери жана окутуучулары менен биргеликте уюштурулган бул иш-чара, сөз жана музыканын күчү аркылуу муундарды бириктирген маанилүү маданий майрамга айланат.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Рамис Рыскуловдун сүрөт жана графикалык чыгармаларынан турган көркөм көргөзмө уюштурулат. Бул көргөзмө конокторго анын чыгармачылык талантынын дагы бир жагын баалоого мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары кече Рамис Рыскуловдун чыгармачылыгынын маданий жана тарыхый мааниси, кыргыз жана совет адабиятына тийгизген таасири тууралуу жандуу талкуулар менен коштолот. 

Искусство жана маданият дүйнөсүнө бирге чөмүлүүгө жана шыктандыруунун жаңы тараптарын ачууга бардыгыңыздарды аталган иш-чарага катышууга чакырабыз. Сиздин катышууңуз элибиздин маданий мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө маанилүү салым болот.

Өткөрүлүүчү күнү: 24-октябрь 2024-жыл;

Убактысы саат: 15:00;

 Өткөрүлүүчу жери: “Ала-Тоо” Эл аралык университети;

Кошумча маалымат алуу үчүн: Мээрим Аматкулова +996 700 446 684.