0%
Brand Image
Loading ...

Springer Nature илимий журналдарынын вице-президенти менен жолугушуу

2024-жылдын 18-октябрында АЭУда Springer Nature илимий журналдары боюнча вице-президенти Александр Бирюко менен жолугушуу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө вице-президент анын негизги максаты университеттин изилдөөчүлөрүнүн басылмаларга болгон муктаждыктарын жана Springer Nature кандай колдоо көрсөтө аларын талкуулоо экенин белгиледи. Ошондой эле ал жакында эле аймакта журналдардын атайын чыгарылыштары, китептер жана конференциялардын материалдары сыяктуу бир нече ийгиликтүү долбоорлор өткөрүлгөндүгүн айтты. Вице-президент келечекте Кыргызстандан сапаттуу контентти көбүрөөк алып, аны эл аралык деңгээлде жеткиликтүү кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт деген ишенимин билдирди.

Springer Nature дүйнөдөгү эң таасирдүү журналдардын басмаканасы жана ачык изилдөө жаатында пионер болуп саналат. АЭУ Александр Бирюкого сапары жана жемиштүү диалогу үчүн ыраазычылык билдирет.

Сүрөт отчету: