0%
Brand Image
Loading ...

АЭУ КРнын эл акыны Р. Рыскуловдун 90 жылдыгын белгиледи

   2024-жылдын 24-октябрында АЭУда Кыргыз Республикасынын эл акыны, сүрөтчү, журналист жана котормочу Рамис Рыскуловдун 90 жылдыгына арналган поэзия кечеси болуп өттү. Кече акындын чыгармачылыгы тууралуу видеотасмасы менен башталды. “Коомчулук менен байланыш” жана “Журналистика” программаларынын студенттери жана окутуучулары менен биргеликте Cultura Nomada коомдук фондунун демилгеси менен уюштурулган бул иш-чара сөз жана музыканын күчү аркылуу муундарды бириктирген маанилүү маданий майрам болду. Медиа-эксперт жана АЭУнун окутуучусу Наристе Алиева өз сөзүндө бул өзгөчө, көрүнүктүү күн экенин жана анын сөзү түбөлүк жашай берет деп белгиледи.

       Поэзия кечесинин алкагында Рамис Рыскуловдун сүрөттөрүнүн жана графикаларынын көргөзмөсү өтүү. Бул конокторго анын чыгармачылык талантынын дагы бир жагын баалоого мүмкүндүк берди. Кече Рамис Рыскуловдун чыгармачылыгынын маданий жана тарыхый маанисине, анын кыргыз жана совет адабиятына тийгизген таасирине арналган жандуу талкуулар менен толукталды. Иш-чарага сыйлуу коноктор: Р. Рыскуловдун жубайы Шааргүл Рыскулова, КРнын эл жазуучулары Кубатбек Жусубалиев жана Асан Жакшылыков, КРнын эл акыны Сагын Акматбекова, ошондой эле академик жана профессор Александр Кацев чакырылды.

        “Рамис Рыскулов үчүн поэзия жашоонун зарылчылыгы болгон. Ал чыгармачылыкта гана эмес, жашоодо да эркиндикти сүйүп, кысымга чыдаган эмес. Университеттин жетекчилигине, ошондой эле уюштуруучуларга ушундай сонун кече үчүн ыраазычылык билдиргим келет, анткени жаштардын поэзияга кызыгуусу абдан сонун” - деп белгиледи Рамис Рыскуловдун жубайы Шааргуль Рыскулова.

          АЭУнун окуу иштери боюнча проректору Рустам Умаров Рамис Рыскуловдой залкар акындардын ырларын сүйүп окуй турганын белгилеп, студенттердин мындай иш-чараларга активдүү катышып жатканына кубанычын билдирди. Проректор белгилегендей, АЭУ ЖОЖ катары терең билимге гана эмес, эмоционалдык интеллектке да ээ адистерди даярдашы керек.

          “Коомчулук менен байланыш” кафедрасынын 2-курсунун студенти Сымбат Мырзаканова мындай иш-чарага катышуу ал үчүн маанилүү тажрыйба болгонун баса белгиледи:

          “Бул иш-чарада мен алып баруучу болдум, бул мен үчүн чоң сыймык. Кече жогорку деңгээлде өтүп, коноктор эл акындын чыгармачылыгы менен жакындан тааныша алышты. Бардык конокторго, ошондой эле АЭУнун профессордук-окутуучулук курамына терең ыраазычылык билдирем”.

          Бул өзгөчө кечеде Рамис Рыскуловдун Кыргызстандын белгилүү акындарынын, журналисттеринин жана коомдук ишмерлеринин, ошондой эле университеттин студенттери менен окутуучуларынын кыргыз жана орус тилдериндеги поэтикалык чыгармалары жаңырды. “Ала-Тоо” музыкалык клубунун катышуучулары тарабынан даярдалган уникалдуу музыкалык программа поэтикалык атмосфераны лирикалык композициялар менен толуктады.

Сүрөт отчету: