0%
Brand Image
Loading ...

Cеминар-дискуссия: “Санарип дүйнө жана балдар”

2024-жылдын 2-ноябрында АЭУда белгилүү үй-бүлө жана балдарды тарбиялоо боюнча консультант Мустахимоглу Казымдын катышуусунда “Санарип дүйнө жана балдар” темасында семинар-дискуссия өттү. Иш-чара Квалификацияны жогорулатуу жана үзгултүксүз билим берүү институту тарабынан уюштурулду.

Бүгүнкү күндө технологиялар биздин жашообузду тез өзгөртүп жаткан чакта, бул айрыкча балдар чөйрөсүндө байкалууда. Семинарда гаджеттерди туура пайдалануу, алардын баланын психологиялык жана физиологиялык өнүгүүсүнө тийгизген таасири сыяктуу негизги маселелер талкууланды. Катышуучулар илимий эксперименттер менен таанышып, пайдалуу кеңештерди угушуп, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Иш-чарага ата-энелер, окутуучулар, студенттер жана коноктор катышты. Жандуу талкуу атмосферасы ар бир катышуучуга өз пикирин билдирүүгө, тажрыйба алмашууга жана пайдалуу сунуштарды алууга мүмкүнчүлүк берди.

Мустахимоглу Казым санариптик тарбиялоого аң-сезимдүү мамиле жасоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, баланын технологияларды пайдалануу менен жеке сапаттарын өнүктүрүүдө тең салмактуулукту сактоо боюнча натыйжалуу стратегияларды сунуштады. Катышуучулар семинардын практикалык маанилүүлүгүн белгилеп, бүгүнкү күндүн актуалдуу темаларын талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

АЭУ маанилүү коомдук жана билим берүү маселелерин талкуулоого багытталган иш-чараларды өткөрүүнү улантууда.

Сүрөт отчету: