2024-жылдын 12-ноябрында АЭУда М. Рыскулбеков атындагы “Кыргыз экономикалык университети” илимий-изилдөө университетинин алдындагы А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү, практикалык багыттагы даярдоо жана илимий-изилдөө ишмердиги жаатындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, ошондой эле педагогикалык жана илимий кадрлар жана студенттер менен алмашууга багытталган кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Жолугушууга М. Рыскулбеков атындагы КЭУнун профессору Гурас Жапаров, директордун илим, илимий-методикалык иштер жана эл аралык байланыштар боюнча орун басары Бегимай Алымсеитова, ошондой эле АЭУнун өкүлдөрү – ректор, п.и.к., доцент Жылдызбек Жакшылыков, IT & Business колледжинин директору Эрмек Эсеналиев жана Экономика бөлүмүнүн башчысы Нуржан Назаркулова катышышты.
АЭУ конокторго келгени үчүн ыраазычылык билдирет жана жемиштүү кызматташууга үмүттөнөт!
Сүрөт отчету: