0%
Brand Image
Loading ...

Эльдар Абакиров “Сынчы жана көрөгөч долбоору” алкагында АЭУда конокто болду 

2024-жылдын 12-ноябрында АЭУнун ректору, п.и.к., доцент Жылдызбек Жакшылыковдун демилгеси менен ишке ашырылып жаткан “Сынчы жана көрөгөч долбоорунун” алкагында Жогорку Кеңештин депутаты, эксперт Эльдар Абакиров менен жолугушуу болуп өттү. Аталган иш-чаранын негизги максаты – университеттин ишмердүүлүгүн жакшыртуу үчүн сын көз караш менен баа берүү, сунуштарды угуу жана келечектеги өнүгүү багыттарын биргеликте талкуулоо.

Жолугушууга ректор, проректорлор жана декандар катышып, иш-чара суроо-жооп форматында өттү. Ачык диалог форматындагы жолугушуу ар бир катышуучуга суроолорду берип, ой бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Эльдар Абакиров университеттин өнүгүүсүнө өбөлгө түзө турган бир катар маанилүү кадамдарды сунуштап, идеялары менен бөлүштү.

АЭУ эксперт Эльдар Абакировго пайдалуу сунуштары жана конструктивдүү диалог үчүн терең ыраазычылык билдирет!