2024-жылдын 13-ноябрында Ташкентте 20 өлкөдөн келген эксперттерди, стартаптарды, инвесторлорду, акселераторлорду, университеттерди жана эл аралык уюмдарды камтыган аймактык жана глобалдык стартап экосистемаларынын өкүлдөрүн бириктирген Борбордук Азиялык стартап-форум болуп өттү.
Аталган иш-чарага катышуу үчүн HIVA стартап-долбоору тандалып алынды. Инновациялык иштеп чыгуулар жана изилдөөлөр борборунун координатору Радмир Гумеров форумда өзүнүн презентациясында үн жардамчыларын бизнес үчүн колдонуунун келечегин айтып берди. Белгилей кетсек, бул форумда АЭУ Кыргызстандан өзүнүн стартап-долбоорун сунуштоого мүмкүнчүлүк алган жалгыз университет болгон.
АЭУ студенттерге инновациялык идеяларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берип, стартап экосистемасын активдүү өнүктүрөт. Мындай иш-чараларга катышуу АЭУнун өлкөдөгү алдыңкы билим берүү мекемеси катары позициясын бекемдөөгө, ошондой эле университетте түзүлгөн долбоорлорду эл аралык аренада жайылтууга жардам берет.
Инновациялык чечимдерди өнүктүрүүдө, илим жана технология чөйрөсүндө жаңы бийиктиктерге жетүүдө АЭУнун стартап-долбоорлоруна мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!
Сүрөт отчету: