0%
Brand Image
Loading ...

АЭУ Эл аралык студенттердин күнүн белгиледи

Студенттик жылдар – бул кесиптик гана эмес, инсандык өнүгүүнү да калыптандыруучу жаркын элестердин жана эстен кеткис көз ирмемдердин мезгили. 

2024-жылдын 15-ноябрында АЭУ Эл аралык студенттер күнүн салтанаттуу түрдө белгиледи. Программа университеттин гимни менен башталып, АЭУнун ректору Жылдызбек Жакшылыкоов куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү.

Программанын жүрүшүндө Студенттик Кеңештин жаңы президенти Мамат Фарангиздин инаугурациясы болду. Майрамдык программа ар кандай сынактар, университеттин жана IT & Business колледжинин таланттуу студенттеринин ыр-бийлери, ошондой эле кесипкөй бий топторунун мыкты номерлери менен коштолду. Мындан тышкары Студенттик Кеңеш тарабынан КВН уюштурулуп, майрамга дагы көрк кошту.

Иш-чаранын көптөн күткөн бөлүгү лотереянын ойнотулушу болуп, анда катышуучулар кызыктуу белектерди утуп алышты. Кыргыз шоу-бизнесинин жылдыздары Абир Касенов жана Нурбек Савитахунов майрамдын ардактуу меймандары болуп, өз өнөрлөрү менен көрөрмандарга мыкты маанай тартуулашты.

АЭУнун студенттерин майрамы менен куттуктайбыз жана иш-чараны ийгиликтүү өткөргөн ыктыярчыларга жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз!

Сүрөт отчету: