0%
Brand Image
Loading ...

АЭУ Бүткүл дүйнөлүк илим күнүн белгиледи: жыйынтыктар жана сыйлыктар

“Ала-Тоо” Эл аралык университети (АЭУ) өлкөдөгү алдыңкы ЖОЖдордун бири катары илимди өнүктүрүүгө, инновациялык технологияларды киргизүүгө жана коомдун актуалдуу маселелерин чечүүгө багытталган илимий изилдөөлөрдү колдоого өзгөчө көңүл бурат.

2024-жылдын 19-ноябрында АЭУда тынчтык жана өнүгүү үчүн бүткүл дүйнөлүк Илим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Эки жумага созулган илим жумалыгыныны алкагында факультеттер тарабынан ар кандай илимий иш-чаралар уюштурулду. Программанын алкагында студенттердин юриспруденция боюнча олимпиадасы, Медицина факультетинин окутуучулары үчүн изилдөө ишмердүүлүгүнүн маданиятына арналган семинар, ошондой эле статистикалык изилдөө усулдары темасында бир айга созулган вебинар өткөрүлдү. Лингвистика кафедрасы “Илим жана чыгармачылык” аттуу илимий семинар уюштуруп, ал эми VisionHack инженердик иш-чаралары компьютердик көрүү технологияларын колдонуу менен социалдык-экономикалык маселелерди чечүү боюнча командалык долбоорлорду иштеп чыгууга багытталган. Мындан тышкары АЭУ И. Ахунбаев атындагы КММАда өткөн Илим күнүнө арналган илимий көргөзмөгө катышты.

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү АЭУнун ректору, п.и. к., доцент Жылдызбек Жакшылыковдун куттуктоо сөзү менен башталып, илимдин ишмерлерине ийгилик каалады. Илимий иштер боюнча проректор, п.и.д., профессор Салидин Калдыбаев куттуктоо сөзүндө университеттин жана коомдун өнүгүүсүндөгү илимдин маанилүүлүгүн баса белгиледи. 

“10-ноябрь –Бүткүл дүйнөлүк Илим күнүнө карата университетибизде илим жумалыгы башталган. Бүгүн биз бул жуманы жыйынтыктап, университеттин илимий ишинин натыйжаларын баалап жатабыз. Өткөн жылы китептерди жана илимий макалаларды жарыялоо, ири долбоорлорго жана сынактарга катышуу сыяктуу жетишкендиктердин негизинде илимий рейтинг түзүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча кесиптештер сыйлыктарга ээ болушту. Илим күнү бүтүндөй университет үчүн маанилүү, анткени мындай жетишкендиктер илимий иштин жогорку деңгээлин баса белгилейт.”

Илим бөлүмүнүн башчысы Тимур Надыршин өз сөзүндө АЭУда илимпоздорду колдоо чаралары тууралуу кеңири айтып берди. Майрамды өзгөчө маанай жараткан музыкалык программа толуктады. Ошондой эле иш-чаранын алкагында окутуучуларга жана профессорлорго илимий өнүгүүгө кошкон салымы үчүн сыйлыктар тапшырылды.

АЭУнун ректору, п.и. к., доцент Жылдызбек Жакшылыков Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды. Сыйлык көп жылдык үзүрлүү эмгеги, ийгиликтери, келечектин жаш муундарын окутуп тарбиялоодогу жетишкендиктери жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн ыйгарылды. “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы” ардактуу наамы Факультеттер аралык мамлекеттик проедметтерди окутуу кафедрасынын окутуучусу Алтынай Сайдалиевага ыйгарылды. Анын университетте кыргыз тилин окутуу боюнча көп жылдык ишмердиги мамлекет тарабынан жогору бааланып, анын мамлекеттик тилди сактоого жана өнүктүрүүгө кошкон салымынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

“Мен ЖОЖдордо 1990-жылдан бери эмгектенип келем, ал эми бүгүн ардактуу наамдын ээси болуп отурам. Биздин эмгегибиз жогору бааланганына кубанычтамын жана университетке, ошондой эле илимий ишмердүүлүктү жигердүү колдогон өкмөткө ыраазымын. Ошондой эле мени мындан аркы ишиме шыктандырган студенттериме ыраазычылык билдиргим келет.”

Мындан тышкары иш-чарада өткөн окуу жылында жогорку илимий жетишкендиктерге жетишкен университеттин окумуштуулары да сыйланды. Илимий рейтингдин жыйынтыгы боюнча биринчи орунду Экономика жана башкаруу факультетинин окутуучусу, доктор Кашиф Хасан Хан алды. 

“Мен экономика жаатында бир нече китептерди жана илимий макалаларды жарыяладым. Бул иш-чара мен үчүн гана эмес, илимге салым кошууну каалагандар үчүн да маанилүү деп эсептейм. Ошондой эле, бул биздин алдыга жылышыбызга кошумча түрткү берет. Университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдирип, илимдин бардык ишмерлерин ушул маанилүү күн менен куттуктагым келет.”

Жалпысынан университеттин 14 кызматкери сыйлыктарга ээ болушту. Аларга 2023-2024-окуу жылында мыкты жетишкендиктери үчүн акчалай сертификаттар, ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.

Философия илимдеринин кандидаты Гүлнура Дыйканбаевага иш-чарада доцент окумуштуулук наамы ыйгарылып, ага тиешелүү сертификат тапшырылды. Ошондой эле, АЭУнун Квалификацияны жогорулатуу жана үзгүлтүксүз билим берүү институту тарабынан уюштурулган “Педагогика” жана “Менеджмент” квалификацияны жогорулатуу программаларынын катышуучуларына окууну аяктагандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды. Иш-чаранын алкагында университеттин окумуштууларынын жетекчилиги астында илимий изилдөөлөргө активдүү катышып, эмгектерин жарыялап, долбоорлорун ишке ашырып жаткан 19 студентке ыраазычылык каттар ыйгарылды. Сыйлангандардын арасында АЭУнун IT-факультетинин 3-курсунун студенти Иса Касымбек уулунун илимий ишмердүүлүгүндөгү ийгиликтери өзгөчө белгиленди.

“Бир жыл ичинде ар кандай илимий долбоорлорго активдүү катышканга аракет кылып келем. Алардын бири – окуу жайыбыздын факультеттери жана багыттары боюнча кеңеш алууга жардам берүүчү AlaTooGPT жасалма акыл долбоору. Ошондой эле IR клубу уюштурган “БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Кыргызстан үчүн ролу” темасындагы эссе сынагында 1-орунду ээледим. Бизге көп нерсени үйрөткөн жана жетишкендиктерге шыктандырган окутуучуларыбызга, өзгөчө деканыбыз Руслан Исаевге ыраазычылык билдиргим келет.”

Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө арналган иш-чара университеттин жашоосундагы маанилүү окуя болду. Ал окутуучуларды, студенттерди жана кызматкерлерди бириктирип, мындан аркы илимий эмгектерди жаратууга мыкты мүмкүнчүлүк түздү.

Сүрөт отчету: