0%
Brand Image
Loading ...

Франциялык студент кош диплом программасынын алкагында АЭУнун дипломун алды

АЭУ студенттердин эл аралык алмашуусуна жана кош диплом программаларын өнүктүрүүгө активдүү катышат. Бул кызматташтыктын алкагында 2024-жылдын ноябрь айында Франциядан келген Мария Лукас АЭУда кош диплом программасынын алкагында магистрдик программасынын “Экономикалык өнүгүү” багыты боюнча окуусун ийгиликтүү аяктап, АЭУнун дипломун алды. Диплом тапшыруу аземи Франциянын Клермон-Овернь университетинде өттү.

Мария Кыргызстанда окуусун аяктагандан кийин Ph.D даражасын алууну каалай турганын белгилеп, диссертациясын коргоого чейин бир жыл бою илимий кызматкер катары иштегиси келгенин айтты.

Мария Лукасты бул чоң жетишкендиги менен куттуктайбыз жана илимий жана кесиптик иштеринде ийгиликтерди каалайбыз!