0%
Brand Image
Loading ...

4-декабрь – “Манас” күнүнө арналган маданий иш-чара

2024-жылдын 25-ноябрында АЭУда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган жана 4-декабрь – “Манас” күнүнө карата маданий иш-чара болуп өттү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Манас” эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана жайылтуу боюнча Жарлыгын ишке ашыруу алкагында уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз улуттук “Манас” театрынын өнөрпоздору университеттин студенттери менен жолугушуп, “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” эпостору боюнча түшүндүрмөлөрдү беришти. Иш-чараны жаш төкмө акындар Турат Жумаев жана Алмаз Аскар уулу өзгөчө шаң менен ачып, катышуучуларга руханий дем тартуулашты.

Мындан тышкары манасчы Улукмырза Эркинбеков эпостон узунду айтып берип, эпостун терең философиялык мааниси тууралуу студенттерге баалуу маалыматтарды жеткирди. Маданий кеченин соңунда студенттер менен коноктор жылуу пикир алмашуу жүргүзүштү. Аталган иш-чара “Манас” эпосун жаштар арасында жайылтуу жана анын баалуулуктарын терең түшүнүү үчүн маанилүү платформа болду. Келип берген конокторго жана катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз.