2024-жылдын 4-декабрынан 5-декабрына чейин MEET 2024 (Medicine | Engineering | Education | Technology) аттуу илимий-практикалык конференциясы өткөрүлөт. Программа медицина, инженерия, билим берүү жана технология жаатындагы эң актуалдуу темаларды камтыйт. Катышуучулар тажрыйба алмашып, актуалдуу маселелерди талкуулап, келечектеги биргелешкен долбоорлор үчүн байланыштарды түзө алышат. Конференциянын биринчи күнү И. Ахунбаев атындагы КММАда, экинчи бөлүгү – АЭУда өтөт.
Конференциянын максаты – ар кайсы тармактагы адистердин ортосунда билим жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзүү, ошондой эле дисциплиналар аралык кызматташууну стимулдаштыруу. Биз илим, технология жана билим берүүнүн ортосундагы байланышты бекемдөөгө, инновациялык чечимдерди кабыл алууга жана изилдөө жана өнөр жай тармагында жаңы багыттарды өнүктүрүүгө умтулабыз.
Конференциянын тематикалык багыттары:
- Медицина: ооруну диагностикалоо жана дарылоо инновациялары, биотехнология, медициналык жабдуулар, телемедицина, жекелештирилген медицина, технология аркылуу жашоо сапатын жакшыртуу.
- Инженерия: технология жаатындагы жаңы өнүгүүлөр, робототехника, жасалма акыл, автоматизация, туруктуу өнүгүү.
- Билим берүү: билим берүүнү санариптештирүү, аралыктан окутуу, окутуунун инновациялык ыкмалары, 21-кылымдын көндүмдөрүн өнүктүрүү, билим берүү процессинде технологияны колдонуу.
- Технология: жасалма акыл, блокчейн, виртуалдык чындык, киберкоопсуздук, стартаптар жана инновациялар, технологиянын келечеги.