0%
Brand Image
Loading ...

“Педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы” китеби жарык көрдү

2024-жылдын 6-декабрында К. Баялинов атындагы китепканада чоң мааниге ээ болгон иш-чара өттү. АЭУнун Илимий иштер боюнча проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Калдыбаев Салидин Кадыркулович жана тарых илимдеринин доктору, профессор Алмазбек Бейшеналиевдин Педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхыаттуу китебинин бет ачары болуп, билим берүү жаатындагы адистерди, студенттерди жана илимпоздорду кубандырды.

Бул китеп билим берүү менен тарбиялоонун байыркы замандардан баштап азыркы күнгө чейинки өнүгүү жолун, тарыхый тажрыйбаларын жана маанилүү этаптарын терең талдайт. Анда дүйнөлүк философтордун, атактуу ойчулдардын жана педагогдордун билим берүү жаатындагы идеялары, ошондой эле билим берүүнүн өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө кошкон салымы чагылдырылган.

Бул окуу куралы билим берүү тармагындагы ар кандай деңгээлдеги адистер үчүн баа жеткис колдонмо болуп саналат. Китеп:

  • Студенттерге жана изилдөөчүлөргө тарыхый-педагогикалык процесстерди терең түшүнүүгө жардам берет.
  • Магистранттар жана аспиранттар үчүн илимий иштин негизги булактарынын бири болуп берет.
  • Педагогдор жана билим берүү кызматкерлери үчүн күнүмдүк практикада колдонууга ылайыктуу маалыматтарды сунуштайт.
  • Билим берүү саясатында жана пландоодо маанилүү булак болуп кызмат кылат.

Бүгүнкү күндө, билим берүүнүн жалпы маанисин түшүнүү жана жаш муунду туура тарбиялоо – ар бир коомдун негизги милдеттеринин бири. Бул китеп ушундай максаттарга жетүүгө ишенимдүү колдонмо болуп бере алат.

Калдыбаев Салидин Кадыркулович жана Алмазбек Бейшеналиевге чоң ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер билим берүү тармагына кошкон зор салым болуп саналат. Сиздердин бул эмгегиңиздер билим изденгендер үчүн зор пайдасын тийгизет. Бул китептин жарык көрүшү – билим берүү жаатындагы чоң жетишкендик. Ар бир окурман аны өзүнүн илимий жана практикалык ишинде кеңири колдоно аларына ишенебиз.

Сүрөт отчету: