0%
Brand Image
Loading ...

АЭУнун студенттери Президенттик стипендия менен сыйланышты

2024-жылдын 16-декабрында Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине Президенттик стипендия тапшыруу аземи болуп өттү. 90 стипендиаттын катарында АЭУнун Эл аралык жана бизнес укук кафедрасынын 4-курсунун студенттери Нурайым Доолотбекова жана Элина Асекова да бар. Президенттик стипендия окуудагы жана илимий ишмердүүлүктөгү жогорку жетишкендиктери үчүн тапшырылып, ар бир стипендиатка 60 миң сом өлчөмүндө сыйлык берилди.

Студенттер өздөрүнүн таасирлери менен бөлүшүштү:
“Президенттик стипендияны тапшыруу аземи биз үчүн жашообуздагы маанилүү окуя жана өзгөчө учур болду. Президент Садыр Жапаровдун өз колунан ушундай жогорку сыйлыкты алуу – бул чоң сыймык жана ошол эле учурда чоң жоопкерчилик. Анын эмгекчилдик жана кесипкөйлүк тууралуу айткан сөздөрү бизди жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктандырды десек болот. Президенттик стипендия биздин окуудагы жана илимий ишибиздеги аракеттерибиздин таанылышы гана эмес, мындан аркы өнүгүүгө күчтүү мотивация болуп саналат. Биз кафедрабызга дайыма көрсөтүп келген колдоосу жана мүмкүнчүлүктөрү үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Алган билимибиз менен Кыргызстанды өнүктүрүүгө өз салымыбызды кошобуз деп терең ишенебиз.”

Сыйлыктарды тапшырган Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Президенттик стипендия жөн гана сыйлык эмес, студенттердин эмгегинин, максаттуулугунун жана кесипкөйлүккө умтулуусунун символу экенин белгиледи. Ал таланттуу жана максаттуу жаштарды колдоонун маанилүүлүгүн, алардын өлкөнү өнүктүрүүгө жана элдин руханий баалуулуктарын сактоого умтулушун баса белгиледи. Мамлекет башчысы бардык стипендиаттарга мындан аркы ийгиликтерди жана кесиптик чөйрөдө чоң жетишкендиктерди каалады.

Нурайым Доолотбекова менен Элина Асекованы бул татыктуу сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Алдыда аларды дагы көптөгөн ийгиликтер күтүп турат деп ишенебиз!