0%
Brand Image
Loading ...

Ala-Too Academy курстары: жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачыңыз!

Бул семестрда АЭУ өзүнүн жана башка окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары жана өнүгүүнү каалаган бардык каалоочулар үчүн кечки оффлайн курстарды ишке киргизүүдө.

Ala-Too Academy курстары – бул “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин базасында түзүлгөн билим берүү программалары. Ал жерде тажрыйбалуу окутуучулар жана студент-ассистенттер заманбап билимдер жана көндүмдөр менен бөлүшөт.

Сизди заманбап окутуу методикалары, кесипкөй адистер менен практикалык иштер, ошондой эле кесиптик карьераңызда пайдалуу боло турган билимдер күтөт. 

Ala-Too Academy курстары төмөнкү багыттарды камтыйт:

  • Программалоо (Java, Web Programming)
  • Графикалык дизайн (Adobe Photoshop, Adobe Illustrator)
  • Minecraft аркылуу англис тили жана башкалар

Сабактар оффлайн форматта АЭУнун аймагында саат 16:30дан кийин өткөрүлөт. Курстун узактыгы – 36 академиялык сааттан башталат. Биринчи тайпага катталгандарга 10% жеңилдик берилет. 

Суроолор жана катталуу үчүн: https://alatoo.academy/ru/home-3/ 

Сиздин келечегиңиз ушул жерден башталат!