Астана шаарында “Лучший педагог – СНГ” сынагы жана Казакстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган Президент Касым-Жомарт Кемелулы Токаевдин “Эгемендүүлүк баарынан кымбат” аттуу конференциясы болуп өттү. Бул иш-чарада билим берүү тармагындагы алдыңкы адистер өздөрүнүн жетишкендиктерин көрсөтүп, эң мыкты педагогдор тандалды.
Конкурста кыргызстандык педагог, АЭУнун чет тилдер институтунун окутуучусу, таланттуу жана чыгармачыл педагог Мукадам Абдулазизова өзүнүн жогорку кесиптик чеберчилигин жана чыгармачыл иш-аракеттерин далилдеп, “Лучший педагог – СНГ” наамына ээ болду. Бул анын билим берүү чөйрөсүндөгү талыкпас эмгегинин жана сыймыктуу жетишкендигинин далили.
Мындай иш-чаралар билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты бекемдеп, тажрыйба алмашууга жана билим берүү сапатын жогорулатууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Мукадам Абдулазизованын жетишкендиги мекенине сыймык тартуулап, келечек муун үчүн өрнөк болуп эсептелет. Окутуучубузду бул ийгиликтери менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!