2024-жылдын 25-декабрында өткөн Кыргыз Республикасынын жаштар саясаты боюнча отчеттук иш-чарасында АЭУнун окутуучусу, тарых илимдеринин кандидаты Эрдолатова Нургуль Нуралиевна жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон салымы, ак ниеттүүлүк менен жасаган үзүрлүү эмгеги жана жогорку жарандык жоопкерчилиги үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак Грамотасы менен сыйланды.
Бул иш-чара 2024-жылдагы министрликтин ишмердигинин жыйынтыктарын чыгаруу жана 2025-жылга пландалган иштер боюнча маалымат берүүнүн маанилүү бөлүгү болду. Иш-чаранын расмий ачылышында КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев 2024-жылы жасалган иштердин отчетун берип жана 2025-жылга коюлган маанилүү багыттар жана максаттар менен бөлүштү.
Окутуучубуз Нургуль Нуралиевнаны алган сыйлыгы менен куттуктайбыз жана көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз!