АЭУда окутуу англис тилинде жүргүзүлөт. Жалпы билим берүү предметтери мамлекеттик жана расмий тилдерде окутулат. Бардык абитуриенттер университетке кабыл алынгандан кийин AIU EPT’ге катышат.
интенсивдүү EPT – тестирлөөсү англис тилин билүү деңгээлин аныктайт жана кирүү сынак болуп саналбайт, анткени АЭУ абитуриенттерди ЖРТнын жыйынтыгы боюнча кабыл алат. АЭУга тапшыруу үчүн абитуриент англис тилин Intermediate (B2) деңгээлинде билиши керек. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 100% дан 60% алган абитуриенттер университеттин биринчи курсуна окуй алышат, алардын окуу мөөнөтү 4 жыл болот.
60% дан төмөн балл алган окуучулар АЭУнун даярдоо курсунда англис тилин интенсивдүүтүрдө үйрөнүшөт. Ушуга байланыштуу 60% дан кем балл алган студенттердин окуу мөөнөтү 5 жылды түзөт.
Эгерде TOEFL (IBT-60 points), IELTS (6.0 points) оригиналдуу сертификаттары бар болсо, абитуриенттер автоматтык түрдө тестирлөөгө катышпастан АЭУнун биринчи курсуна кабыл алынат.
Тестирлөө оффлайн форматта өтөт жана беш бөлүктөн турат:
Бардык тизмеленген бөлүмдөрдү бүтүрүү үчүн туура үч саат берилет.
Абитуриенттерди кабыл алуу АЭУнун кабыл алуу комиссиясынын иш графигине ылайык башталат. Дареги: Анкара көч., 1/10 (Ч. Валиханов көч. менен кесилишет) Бишкек ш., Кыргыз Республикасы.