2024-жылдын 26-апрелинде АЭУнун Менеджмент кафедрасы тарабынан уюштурулган Eco Fest 2024 иш-чарасы болуп өттү.
АЭУнун ректору Жылдызбек Жакшылыков саламдашуу сөзүн сүйлөп, уюштуруучуларга жана конокторго активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Программанын алкагында эко-товарлардын жарманкеси жана жергиликтүү өндүрүштөгү эко-фуд, чыгармачыл мастер-класстар, калдыктардан интерактивдер жана экологиянын манилүүлүгүн түшүндүрүү иштери болду. MoveGreen, Chopo.Art, Waste Net, Naktakak, Nukura, Blossom.kg, Накта Курут, Kyrgyz Delight, Aman Kyrgyz Honey, Eco made, Алайку сыяктуу компаниялардын өкүлдөрү баалуу маалымат менен болүшүштү.
“Мен бул маанилүү иш-чарага катышып жатканыма абдан кубанычтамын. Өз сөзүмдө биздин көңүл буруубузду талап кылган олуттуу көйгөйлөрдүн бири – Кыргызстандагы абанын булганышы тууралуу баса белгиледим. Тилекке каршы, көптөгөн адамдар смогду кадимки туман менен чаташтырышат, анын ден-соолугубузга жана айлана-чөйрөгө кандай коркунуч туудурарын билишпейт. Иш-чара бул маселеге көңүл бурууга жана жаштардын экологиялык маселелер боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жардам берет деп эсептейм. Бүгүн катышкандардын көбү экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө кандай салым кошо аларын ойлонушту деп ишенем.”- - деп белгиледи Инна Брусенская, абанын сапаты боюнча эксперт.
Презентациялардын ортосунда Music Clubтын мүчөлөрү ырдап, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты. Ошондой эле кызыктуу оюндар уюштурулуп, анда катышуучулар байгелерди утуп алышты.
Иш-чаранын башкы максаты – экологиялык маданиятты тарбиялоо жана студенттер арасында жаратылышка аяр мамиле жасоо принциптерин өнүктүрүүгө көмөктөшүү. Мындан тышкары, кызматташтыкты колдоо максатында ар кандай уюмдар жана экология боюнча эксперттер ортосунда маалымат жана тажрыйба алмашуу үчүн платформа түзүү.